super.kg logo
  Спорт  

Бишкектик мушкер Таиланддагы эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды

 

Бишкектик боксчу Таиланддагы эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Арваз Ахмади 19 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн эл аралык бокстун World Boxing Futures Cup турнирине 70 килограмм салмак ченинде катышкан.

Кыргызстандык мушкер турнирге 1/16 финалдан баштап катышып, Чехия, Венгрия, Англия жана Кытай спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Финалда Арваз Ахмади казакстандык Бибарыс Ашырбай менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти атаандашынын пайдасына ыйгарган.

Турнир 2026-жылдын 15-мартында Бангкок шаарында аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: