АКШ Ирандын Харк аралындагы мунайды конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат
АКШ Иранга таандык Харк аралындагы сактагычтардагы мунайды конфискациялоо вариантын талкуулап жатышы мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдөгү булак Sky News Arabia телеканалына билдирген.
Ошол эле учурда Axios порталы булактарына таянып, АКШ президенти Дональд Трамп аралды көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазды. Мындай операция америкалык аскерлердин түшүрүлүшүн талап кылышы мүмкүн.
Өз кезегинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн командачысы Алиреза Тангсири АКШнын Харк аралына мүмкүн болгон чабуулу дүйнөлүк мунай баасына олуттуу таасир тийгизерин эскертти.
Белгиленгендей, Харк аралында Ирандын эң ири мунай терминалы жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















