Эксперт: “Иран АКШнын кысымына чыдады”
Иран АКШнын басымына туруштук бере алганынын себеби – жоокердик күчтөрдү жана БПЛА (учкучсуз аппараттар) өнүктүрүүгө жасалган инвестициялар. Бул тууралуу эксперттик клубдун мүчөсү, саясий серепчи Кирилл Котов билдиргендигин орус басылмалары жазышты.
Котовдун айтымында, Тегеран акыркы жылдары традициялык жана заманбап куралдарды, айрыкча ракеталык жана учкучсуз системаларды күчөтүп, өз коргонуу жөндөмүн өркүндөттү. Бул АКШ жана Израил сыяктуу алдыңкы куралдуу күчтөргө каршы турууга стратегикалык мааниге ээ.
“Ирандын инженердик жана илимий жетишкендиктери, анын ичинде ракеталык жана БПЛА тармактары америкалык жана израилдиктерге салыштырмалуу күчтүү көрүнөт”, - деген эксперт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















