Бейруттун түштүк четинде аба соккулары болду
Ливандын борбору Бейрут шаарынын түштүк четиндеги Жамус районуна эки аба соккусу жасалган. Бул тууралуу күбөлөргө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, соккулар имараттарга, көпүрөнүн жанында жасалган.
Алардын билдирүүсүндө, соккуларды Израилдин учактары кыска аралык менен удаа-удаа жасаганы айтылат.
Ошондой эле дагы бир сокку Ливандын борбор калаасынын чет жакасына шейшембиге караган түнү урулган.
Азырынча бул окуялар боюнча расмий комментарий бериле элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















