super.kg logo

Супер фактылар: Баары акчаны жакшы көрөт. Акча кимди жактырат?

 

Акча – жөн гана каражат эмес, ал адамдын ой жүгүртүүсүнө жана жашоо образына түздөн-түз байланышкан энергия катары каралат. Айрымдар акчаны оңой табат, сактайт жана көбөйтөт, ал эми башкалар канча аракет кылбасын жетишпей калат. Мунун сыры эмнеде?

Адистердин айтымында, акчага болгон мамиле анын адам жашоосунда канчалык көп болорун аныктайт. Эгер адам каражатын туура пайдаланбаса, аны барктабаса, акча “узак кармалбайт”.

Акча кандай адамдарды жактырат?

Акча көбүнчө төмөнкү сапаттарга ээ адамдарга тартылат:

  • Активдүү, аракетчил жана энергиялуу адамдарга

  • Киреше менен чыгашасын так эсептегендерге

  • Көп иштегенден көрө, акыл менен иш кылгандарга

  • Барга канаат кылып, жокко сабырдуу болгондорго

  • Максат коюп, план менен жашагандарга

  • Билимине жана келечегине инвестиция жасагандарга

  • Жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулгандарга

  • Өзүн туура чөйрө менен курчаган адамдарга

  • Эмгегин баалап, татыктуу акы талап кыла билгендерге

  • Кайрымдуулук кылууну унутпагандарга

Ал эми акча кимдерден качат?

Тескерисинче, айрым адаттар акчанын азайышына алып келет:

  • Акчаны ойлонбой, обу жок короткондор

  • “Акча жаман нерсе” деп эсептегендер

  • Ар кандай акция, арзандатууга оңой алдангандар

  • Ыңгайлуулуктун зонасынан чыга албагандар

  • Лотерея же жеңил жол менен баюуну каалагандар

  • Акчасы жоктугуна дайыма нааразы болгондор

  • Керексиз, сапатсыз буюмдарды көп сатып алгандар

  • Канча тапса да ыраазы болбогондор

  • Мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албагандар

  • Өзүнө ишеними жок адамдар

Акча – бул жөн гана сан эмес, ал тартипти, жоопкерчиликти жана туура ой жүгүртүүнү талап кылат. Ага болгон мамилени өзгөртүү аркылуу ар бир адам өзүнүн каржылык абалын жакшырта алат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: