super.kg logo

Майрам күндөрүндө жерди магниттик бороон каптайт 

 

Бүгүн, 19-мартта түндө жер бетинде акыркы эки айдагы эң күчтүү магниттик бороон башталат. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Окумуштуулардын айтымында, магниттик бороонго ушул аптанын башында катталган бир нече күн плазмасынын атылышы себеп болгон. Бороон жалпысынан алты күнгө созулуп, 20-21-март күндөрү активдүүлүктүн туу чокусу болору күтүлөт. Адистер магниттик бороондун деңгээли G2-G3 көрсөткүчүнө жетерин белгилешкен.

Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 өтө күчтүү магниттик бороон деп бааланса, G1 алсыз магниттик бороон деп эсептелет.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, кан басымдын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: