super.kg logo

Балыкчы-Кочкор темир жолун куруудагы жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү (видео)

 
Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулуш тилкесинде бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан бул иштер темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки 13 тилкеде жүргүзүлдү. Алгачкы жардыруу 2024-жылдын июль айында аткарылып, жалпы 100 жардыруу жүргүзүлдү.
"Бургулоо-жардыруу иштеринин бардык мезгилинде коопсуздук эрежелеринин талаптары катуу сакталды. Адамдардын же малдын жаракат алуусу, ошондой эле жакын жайгашкан имараттардын, анын ичинде турак үйлөрдүн бузулушу боюнча бир да учур катталган жок", - деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, Балыкчы–Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзөт.





Балыкчы-Кочкор темир жолун куруудагы жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: