Белгилүү актёр Чак Норрис каза болду
Америкалык актёр жана мушташ чебери Чак Норрис 86 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кайгылуу кабарды анын үй-бүлөсү жума күнү билдиргенин жазышты.
Туугандары чоо-жайын айтуудан баш тартышкан. Бирок алар Норристин жакындарынын курчоосунда көз жумганын белгилешкен.
Бейшемби күнү Норристин Гавайидеги ооруканага жеткирилгени кабарланган. Анын ооруканага жаткырылышынын себеби айтылган жок.
Норрис "Ажыдаардын жолу", "Жалгыз карышкыр Маккуэйд" жана "Дайын эмес" экшн тасмаларында роль жараткан. Ал "Уокер, Техас рейнджери" телесериалындагы ролу менен таанымал болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















