super.kg logo

Никол Пашинян метродо суроо узаткан аял менен уруша кетти (видео)  

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда шаар кыдырып жүргөн кезинде метрого түшүп калып, андагы жүргүнчү аял менен уруша кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеосун бөлүштү.

Анда Пашинян армян калкынын Карабахтан көчүп кеткени тууралуу суроо узаткан аялга ачуусу келген.

"Биз силердин Карабахта жашашыңар үчүн колубуздан келгендин баарын жасадык. Бирок 2023-жылы Карабахтагы эл Арменияга кетпеш үчүн чек араларды жаап салганым үчүн мени күнөөлөдүңөр. Эми бул жакка келип, биз артка кайткыбыз келет дейсиңер. Силер Карабахта калышыңар үчүн армян жарандарынын миллиарддаган каражатын сарптадык, эмнеге калган жоксуңар?",- деген премьер-министр.

Аял андан кыйкырбай сүйлөөсүн суранганда Пашинян аны менен дал ушундай сүйлөшүү керектигин айткан.






Никол Пашинян метродогу жүргунчү аял менен уруша кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: