Техастагы мунай иштетүүчү заводдо жарылуу болду
АКШнын Техас штатында мунай иштетүүчү заводдо күчтүү жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жарылуу Порт-Артур шаарындагы заводдо болду. Өрт кызматы шаардын батыш бөлүгүндө жашаган тургундарды үйлөрүндө калууга, эшик-терезелерин жабык кармоого жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.
Ошондой эле шаар бийлиги айырым жолдордогу унаа кыймылдарын чектеди. Жарылуу болжол менен өндүрүштүк жылыткычтан улам чыккан. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Учурда окуя болгон жерде Техас штатынын өзгөчө кырдаалдар кызматтары жана айлана-чөйрөнүн сапатын көзөмөлдөө комиссиясынын өкүлдөрү иш алып барышууда. Учурда абанын сапаты текшерилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















