Түштүк Ливанда чыңалуу: Тир шаары чабуулга кабылды
Израил Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарындагы турак жай кварталдарына абадан сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аба соккуларынын бири Тир шаарындагы Маашук районундагы имаратка тийген. Ошондой эле шаарга жакын жайгашкан бир нече калктуу конуштар да аткылоого кабылган.
Буга чейин Израил армиясы араб тилиндеги социалдык тармактар аркылуу Тир шаарынын тургундарына кайрылуу жасап, айрым шаардык кварталдарга сокку урулары тууралуу алдын ала эскертүү берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















