super.kg logo

Трамп Тегеранды канча жолу алдап кеткен? Иран бийлиги катасын кайталагысы келбестигин билдирди

 

Ирандын расмий өкүлдөрү Вашингтон менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө ортомчулук кылып жаткан өлкөлөргө АКШнын президенти Дональд Трамптын чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү сунушун аларды алдоо аракети катары эсептей турганын билдиришкен. Бул тууралуу Axios порталы булактарына таянып жазды.

Портал белгилегендей, Ирандын расмий өкүлдөрү Пакистанга, Египетке жана Түркияга АКШ аскерлеринин жылдырылышы жана Трамптын чоң кошумча күчтөрдү жөнөтүү чечими анын тынчтык сүйлөшүүлөрүн сунуштоосу айла-амал деген шектенүүлөрдү күчөткөнүн айтышкан.

Axios булактарынын маалыматы боюнча, ирандыктар Трамп аларды эки жолу алдаганын билдиришип, "биз кайрадан алдангыбыз келбейт" дешкен.

Мурда Axios булактарга шилтеме берип, АКШ бейшемби күнү Иран менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууну пландап жатканын, бирок Иран бийлиги бул сунушка азырынча жооп бере электигин билдирген. АКШ Иранга согуштук аракеттерди токтотуу боюнча 15 пункттан турган сунуш жөнөткөнү, бирок азырынча жооп ала электиги айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: