Ырчы Шакиранын Катардагы концерти белгисиз мөөнөткө жылдырылды
Колумбиялык ырчы Шакиранын Катарда 1-апрелге пландалган концерти Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлашты.
Концерттин уюштуруучусу "Platinumlist" компаниясы билдиргендей, учурда иш-чаранын жаңы датасын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
"Учурдагы аймактык кырдаалдан улам Дохадагы 974-стадиондо пландалган Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran аттуу гастролдук турне концерти кийинкиге жылдырылды",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















