Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалын тейледи
Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая Австралияда өтүп жаткан айымдар арасындагы футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык беттешин тейледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.Маалым болгондой, ал баштаган калыстар тобу 18-март күнү өткөн Түштүк Корея менен Япония курама командаларынын ортосундагы жарым финалдык оюнда калыстык милдетти аткарды.
"Бул беттеш Вероника Бернацкая үчүн аталган турнирдеги төртүнчү оюн болуп калды. Буга чейин ал Түштүк Корея - Иран, Япония - Индия беттештеринде, ошондой эле Австралия - Түндүк Корея командаларынын чейрек финалдык оюнунда калыстык кылган",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















