Иран Трамптын билдирүүсүнө кескин жооп кайтарды
Иран АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан айтылган сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүгө кескин жооп берип, Батыш өлкөлөрүндө таң калууну жаратты. Бул тууралуу Bild басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Ирандын "Хатам аль-Анбия" борбордук аскердик командачылыгынын өкүлү Эбрахим Зольфагари АКШ жетекчилигинин билдирүүлөрүн ачык шылдыңдап, Тегерандын өз позициясынан кайтпай турганын баса белгилеген.
Басылма белгилегендей, расмий Тегеран Вашингтондун кысымына карабастан, эч кандай жеңилдиктерге барууга ниеттенген жок жана өз кызыкчылыктарын коргоону улантат.
Эксперттер мындай билдирүүлөр Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну дагы күчөтүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















