Иран бир катар өлкөлөргө ыраазычылык билдирди
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи беш өлкөгө Жакынкы Чыштагы кырдаалда жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул тууралуу ал ирандык ЖМКга маек берип жатканда айткан.
Аракчи анда Түркия, Азербайжан, Армения, Ооганстан жана Сауд Арабия АКШ жана Израил менен болгон кагылышууда өлкөнүн сыртында калган ирандык зыяратчыларга жардам көрсөткөнүн белгилеген.
Эске салсак, АКШ менен Изарил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















