super.kg logo

Зеленский Сауд Арабиясына иш сапар менен барды

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясына иш сапар менен барды. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында жарыялады.

Анда украин лидери аны "маанилүү жолугушуулар" күтүп жатканын кошумчалап, бирок Эр-Риядда конкреттүү кайсы жолугушууларды өткөрөрүн ачыктаган эмес.

"Биз колдоону баалайбыз жана коопсуздук үчүн биз менен иштешүүгө даяр болгондорду колдойбуз",- деп жазган Зеленский.

Басылмалар жазгандай, сапардын алкагында Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман аль Сауд менен "коопсуздук боюнча кызматташуу" келишимине кол коюу пландаштырылууда. Тактап айтканда, тараптар “аба мейкиндигин коргоо” боюнча келишимге кол коюшу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: