super.kg logo

Мадуронун уулу ата-энесинин сотун адилетсиздик деп атады

 

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун уулу Герра Мадуро ата-энесине каршы сотту адилетсиз деп атады.

"Бул сот башынан эле мыйзамсыз болгон",- деди ал бейшемби күнү Каракаста Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести колдоо митингинде.

"Бүгүн Венесуэланын жана дүйнөнүн эң күчтүү үнү - чындыктын үнү угулуп жатат. Бизде чыныгы чындык бар",- деди ал.

Мадурого жана анын жубайы Силия Флоресте каршы экинчи сот иши бейшемби күнү Нью-Йорктогу федералдык сотто башталды. Мадурого кылмыш жасоого кутум уюштуруу, баңгизат терроризми жана кокаин аткезчилиги боюнча айыптар коюлууда. Анын жубайы кокаин аткезчилиги боюнча шектелүүдө. Биринчи сот отурумунда Мадуро өзүн күнөөсүз деп атап, согуш туткуну экенин айткан.

Эске салсак, 3-январда АКШнын аскерлери Венесуэланын президентин кармап, аны жубайы менен бирге Америкага алып барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: