Трамп популярдуулуктун туу чокусунда экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн популярдуулугунун туу чокусунда экенин айтты.
"Мен мурдагыдан да популярдуумун деп ойлойм",- деди ал Fox News каналына берген маегинде. Ал сурамжылоого катышкандардын 100 пайызы аны колдой турганын билдиргенин кошумчалады.
17-20-март күндөрү жүргүзүлгөн CBS сурамжылоосуна ылайык, америкалык лидердин жалпы рейтинги 40 пайыз бойдон калууда. Бирок, америкалыктардын 38 пайызы гана Трамптын Иранга байланыштуу аракеттерин жактырышат. Ал эми 64 пайызы анын өлкө экономикасындагы ишине нааразы. CBS сурамжылоосуна 3300дөн ашык адам катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















