Ливан эл аралык гуманитардык жардам сурады
Ливандын бийлиги Израилдин соккулары уланып жаткан шартта эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Бейрут шаарындагы расмий өкүлдөргө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ливандын коомдук иштер жана транспорт министринин айтымында, өлкө бардык мамлекеттерден колдоо күтүп жатат.
Анын сөзүнө караганда, гуманитардык жардам буга чейин эле деңиз порттору жана аэропорт аркылуу келе баштады. Көптөгөн өлкөлөр материалдык жана башка түрдөгү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.
Министр белгилегендей, учурдагы эң башкы маселе — калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Мындан тышкары Ливанга төмөнкү нерселер абдан зарыл:
• убактылуу жашоо үчүн чатырлар
• азык-түлүк жана ичүүчү суу
• электр энергиясы үчүн генераторлор
• күйүүчү май
Бул жардамдар жарандардын жашоосун туруктуу кармоо жана жабыркагандарды колдоо үчүн өтө маанилүү экени белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















