super.kg logo

АКШда Трамптын саясатына каршы ири нааразычылык акциялары өттү (видео)

 

28-мартта АКШ боюнча миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өлкө президенти Дональд Трамптын жана анын администрациясынын саясатына каршы масштабдуу нааразычылык акцияларын өткөрүштү. Бул - "No Kings" (Падышаларга, жок!) урааны алдында уюштурулган үчүнчү ири толкун болуп калгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, бул жолу өлкөнүн бардык 50 штатында болжол менен 3300дөн ашуун митингдер жана жүрүштөр уюштурулуп, жалпысынан 8 миллиондон ашуун жаран катышкан. Бул көрсөткүч бир күндүн ичинде өткөн эң ири жарандык акциялардын бири катары бааланууда.

"Нааразычылыкка чыккандар негизинен бир нече негизги маселелерге каршы экенин билдиришкен. Алардын ичинде Иран менен байланышкан аскердик саясат, миграция мыйзамдарынын катуулатылышы жана өлкөдө авторитардык башкаруу ыкмалары күчөп баратканы тууралуу кооптонуулар бар. Көпчүлүк шаарларда акциялар тынч мүнөздө өтүп, катышуучулар плакаттарды көтөрүп, ураандарды чакырып чыгышты. Айрым ири шаарларда мисалы, Вашингтон, Нью-Йорк жана Лос-Анжелесте миңдеген адамдар чогулуп, борбордук көчөлөрдө жүрүштөрдү уюштурушту",- деп белгиленген маалыматта.

Азырынча президент Дональд Трамп бул нааразычылык акциялары боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок саясий талдоочулар бул көрүнүштү коомдогу нааразычылыктын күчөп баратканынын белгиси катары баалап жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин ушундай эле акциялар 2025-жылдын июнь жана октябрь айларында өткөн.






"Падышаларга жок". АКШда Трамп саясатына каршы ири нааразылык акциялары өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: