Иран АКШнын кымбат баалуу чалгын учагын жок кылды
Иран АКШнын кымбат баалуу E-3 Sentry аттуу чалгын учагын жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жүргүзгөн операциясынын жүрүшүндө Сауд Арабиясындагы “Ханзада Султан” авиабазасындагы E-3 Sentry учагы толугу менен жок кылынды. Бул учак абадагы объекттерди жана авиабазаларды аныктоо жана башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ошондой эле анын жанында турган учактарга олуттуу зыян келтирилди",- деп билдирген IRIB агенттиги.
Wall Street Journal басылмасы аталган учак АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттери үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, анын ордун алмаштыруу болжол менен 700 миллион доллар турарын жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















