Испания АКШ үчүн аба мейкиндигин жана базаларын колдонууга тыюу салды
Иран менен согушка катышкан америкалык учактар Испаниянын аба мейкиндигин колдоно алышпайт. Бул тууралуу Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес журналисттерге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз Ирандагы согушка байланыштуу кандайдыр бир аракеттер үчүн базаларды, албетте, Испаниянын аба мейкиндигин колдонууга уруксат бербейбиз",- деген ал.
Испания бийлиги мурда Иранга каршы аскердик аракеттер үчүн биргелешип башкарылуучу аскердик базаларды колдонууга тыюу салганын жарыялаган. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес да бул жаңжалга ачык каршы чыгып, аны мыйзамсыз жана адилетсиз деп атаган. Жооп катары АКШнын президенти Дональд Трамп Мадрид менен сооданы кыскартам деп коркуткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















