super.kg logo

Үч мүнөт жетиштүү болгон... Италиядагы музейден миллион евролук сүрөт уурдалды 

 

Италиянын Парма провинциясындагы музейден белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, уурдалган эмгектер белгилүү сүрөтчүлөр: Пьер Огюст Ренуар, Анри Матисс жана Поль Сезанн тарабынан тартылган. Уурдалган сүрөттөрдүн жалпы баасы болжол менен 9 миллион еврону түзгөн. Анын ичинде Ренуардын бир гана сүрөтү болжол менен 6 миллион евро турары белгилүү болду.

Окуя быйыл 22-марттан 23-мартка караган түнү болгон. Анда музейге кирген беткапчан төрт адам 3 мүнөттүн ичинде сүрөттөрдү имараттан чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жергиликтүү полиция кылмышкерлер алдын ала даярданып, так аракет кылышканын жана имараттагы үн сигналы иштеп кеткендиктен, үч гана сүрөттү уурдаганын болжолдошкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: