Трамп: “АКШ Ормуз кысыгынан аскерлерин азырынча чыгарбайт”
АКШ азырынча Ормуз кысыгы аймагынан өз аскердик күчтөрүн чыгара элек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, келечекте аталган стратегиялык маанилүү аймактагы коопсуздукту камсыздоо милдетин башка мамлекеттер өзүнө алышы керек.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Бул аймак аркылуу дүйнөлүк мунай ташуулардын олуттуу бөлүгү өтөт. Ошондуктан бул жерде коопсуздукту сактоо эл аралык мааниге ээ.
Учурда АКШ күчтөрүнүн аймакта калуусу – деңиз коопсуздугун камсыздоо жана мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу максатын көздөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















