super.kg logo

ЖМК: Ормуз кысыгынан акы алуу мунайдан түшкөн кирешеден эки эсе көп болот 

 

Ормуз кысыгынан өтүүдө акы алуу Иранга мунайдан түшкөн кирешеден эки эсе көп пайда алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин мамлекеттик кызматкер Мохаммад Мохбер билдирген.

Анын айтымында, кысык аркылуу өткөн танкерлерден төлөм алуу Иран үчүн өтө кирешелүү булакка айланат.

Буга чейин Иран парламентинин комиссиясы Ормуз кысыгы боюнча мыйзам долбоорунун алдын ала вариантын жактырган болчу. Аталган мыйзам долбоорунда төмөнкү чаралар каралган:

  • Кысык аркылуу өткөн кемелерден Иран тарабынан акы алуу;
  • АКШ жана Израил кемелерине өтүүгө тыюу салуу;
  • Иранга каршы санкция саясатын колдогон өлкөлөр үчүн да чектөөлөр киргизүү;
  • Оман менен биргеликте укуктук режим түзүү.

Бул демилгелер ишке ашса, Ормуз кысыгы аймактагы эң маанилүү экономикалык багыт болот. Анткени дүйнөдөгү мунай жеткирүүнүн чоң бөлүгү дал ушул кысык аркылуу өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: