super.kg logo

Израил армиясы Тегеранга бир нече сокку урду

 

Израилдин Коргоо күчтөрү Тегерандын инфраструктуралык объекттерине көптөгөн соккуларды жасады. Бул тууралуу армиянын Telegram каналында жарыяланды.

"Бир нече убакыт мурун Израилдин Коргоо күчтөрү Тегерандын инфраструктурасына ири масштабдуу соккуларын аяктады",- деп жазылат билдирүүдө.

Соккулардын чоо-жайы тууралуу башка маалыматтар ачыкталган эмес. Ошол эле учурда Израил армиясы Ирандын аймагынан учурулган ракеталар табылганын жана абадан коргонуу системдери иштеп жатканын билдирди.

Эске салсак, АКШ менен Изарил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: