super.kg logo

“Тарыхый ката”. Батышта Трамптын чечими сынга алынды

 

АКШ Иранды баалабай, олуттуу стратегиялык ката кетирди. Бул тууралуу Норвегиянын Түштүк-Чыгыш университетинин профессору Гленн Дисен социалдык тармактагы баракчасында билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп кырдаалдан “жеңиш” менен чыгуу үчүн жөн гана артка чегинүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Бирок мындай кадам Вашингтондун аймактагы таасирин алсыратат.

Профессор белгилегендей, бул шартта Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү америкалык базаларды чыгарып кетүү талабы менен байланыштырып, ошондой эле компенсация талап кылып, мунайды доллардан башка валюталарда сата башташы мүмкүн.

Эске салсак, 28-февралда АКШ жана Израил Иран аймагындагы бир катар объектилерге, анын ичинде борбор шаары Тегеранга сокку урган. Буга жооп иретинде Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине соккуларды жасоодо.

Аналитиктер Иранды жетишсиз баалоо АКШ үчүн “тарыхый ката” болуп калышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: