АКШ Иранга каршы мүмкүн болгон операцияларды караштырууда
АКШнын аскердик жетекчилиги Иранга байланыштуу эки мүмкүн болгон кургактагы операциясынын планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу америкалык The Atlantic басылмасы маалымат булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, операциялардын бири Ирандын энергетика тармагындагы маанилүү түйүн болуп саналган Харк аралын көзөмөлгө алуу болсо, экинчиси байытылган уранды басып алууга багытталган.
Ошол эле учурда, АКШ президенти Дональд Трамп бул операциялар боюнча акыркы чечим кабыл ала элек.
Мындан тышкары, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иранга каршы аракеттерде бардык варианттар, анын ичинде кургактагы операциясы да каралып жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















