super.kg logo

Иран АКШ менен Израилден кенемте төлөөнү талап кылат 

 

Иран бийлиги АКШ менен Израилдин соккуларынан жаралган чыгымдарга кенемте алууну күч менен камсыз кылат. Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын расмий өкүлү Абольфазль Шекарчи жергиликтүү басылмага маек берип жатып айткан.

"Биз күч менен согуштан келтирилген зыяндын ордун кайтарып алабыз. Кенемте алуу үчүн керектүү маалыматтар бар",- деген Шекарчи.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, АКШ менен Израилди Ирандын өзөктүк объекттерине жасаган чабуулу үчүн компенсация төлөп берүүгө мажбурлоого чакырган.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Учурда абал туруксуз бойдон калууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: