super.kg logo

Трамп АКШнын башкы прокурорун кызматтан алды  

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Пэм Бондини башкы прокурорлук кызматтан алды. Бул тууралуу АКШ президенти америкалык Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Убактылуу башкы прокурордун милдетин анын орун басары Тодд Бланш аткарат.

"Пэм Бонди Америка үчүн чыныгы патриот жана менин ишенимдүү досум. Өткөн жылы ал башкы прокурор катары милдеттерин талыкпай аткарды. Пэм өлкө боюнча кылмыштуулукту азайтуу боюнча зор иштерди жасады, натыйжада кылмыштардын саны 1900-жылдан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү. Биз Пэмди жакшы көрөбүз",- деп жазган Трамп.

Айрым басылмалар Трамптын чечимин бир катар чыр-чатактарга байланыштырууда, анын ичинде финансист Жеффри Эпштейн боюнча Бондинин аракеттерине нааразы экенин белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: