Орусияда жүргүнчү ташыган поезддин жети вагону рельстен чыгып кетти (видео)
Орусиянын Ульяновск облусунда Челябинск - Москва багытындагы жүргүнчү ташыган поезддин жети вагону рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Окуя 3-апрелде, Москва убактысы боюнча саат 6:26да Бряндино станциясынын аймагында болгон. Поездде жалпысынан 415 жүргүнчү болгон. Алардын арасында жаракат алгандар бар.
Азыркы учурда куткаруу жана тез жардам кызматтары жерине жөнөтүлдү. Ошондой эле поезд каттамы убактылуу токтотулду.
Орусияда жүргүнчү поезддин жети вагону рельстен чыгып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















