super.kg logo

Павлодарда ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалды

 

Казакстандын Павлодар облусунда 23 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайын 800 миң теңгеге (болжолдуу 135 миң сом) сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал кош бойлуулуктун акыркы айларында эле сатып алуучуларды социалдык тармактар аркылуу издегендигин жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Полиция операцияны көзөмөлдөп, ымыркайды сатып жаткан учурда шектүүнү кармаган. Учурда кылмыш иши козголуп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жаңы төрөлгөн кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: