super.kg logo
  Спорт  

Мунарбек Сейитбек уулу Түркиядагы турнирдин жеңүүчүсү болду

 
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Анда мушкер 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Ал алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди жеңди. Жарым финалда германиялык мушкер Денис Бриль менен кез келип, аны да 5:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште калыстардын бир добуштан чечими менен 5:0 эсебинде Украинанын өкүлү Иван Завадскийди жеңди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: