super.kg logo

Илон Масктын атасы Эпштейн тирүү болушу мүмкүн экенин билдирди 

 

Америкалык белгилүү ишкер Илон Масктын атасы Эррол Маск чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн тирүү болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын РИА Новости басылмасына маек берип жатып айткан.

"Албетте, ал тирүү. Эпштейн өлгөн жок. Анын тирүү экенине менде эч кандай шек жок. Анын өлүшүнө эч кандай мүмкүнчүлүк да жок",- деген Эррол Маск.

Ошондой эле Маск Эпштейн өзүнө кол салган окуя болгон учурда коопсуздук камералары өчүрүлгөнүн жана күзөт кызматкерлери уктап жатканын белгилеп өткөн.

АКШнын Юстиция министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Эпштейн кармалган түрмөдөгү байкоочу камералардагы кадрлардан 62 секунддук үзгүлтүк байкалган. Муну андагы кызматкерлер видеожазуу системинин күн сайын автоматтык түрдө жаңылануусу менен түшүндүрүшкөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: