Индияда 18 метрлик айланма аттракцион кулап түштү (видео)
Индиянын Уттар-Прадеш штатында түнкү жарманке учурунда 18 метрлик айланма аттракцион кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан кеминде 30 адам жабыркады, алардын арасында аялдар жана балдар бар.
Күбөлөрдүн айтымында, аттракцион иштеп жаткан учурда капталга кыйшайып, андан соң толугу менен кулап калган. Кырсык болгон учурда адамдар кабиналардын ичинде болгон.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Индияда 18 метрлик айланма аттракцион кулап түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















