super.kg logo

ЖМК: Тегерандын тургундары Ирандын жеңишин майрамдап жатышат (видео)

 

Ирандын борбору Тегеранда тургундар АКШ жана Израилге каршы согушта Ирандын жеңишин майрамдап, көчөлөргө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.

Маалыматка ылайык, 8-апрелге караган түнү миңдеген ирандыктар Тегеран жана башка шаарларда көчөгө чыгып, АКШ менен Израилди жеңгенин майрамдашкан. Ага катышкандар душмандардын желектерин өрттөшкөн.

Буга чейин Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ Иран сунуштаган 10 пункттан турган планга макул болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөрү кабарланган. Учурда эки тарап эки жумалык тынчтык келишимине макул болушту.







Тегерандын тургундары Ирандын жеңишин майрамдап жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: