Трамп: "Толук келишимге жеткенге чейин америкалык аскерлер Ирандын айланасында калат"
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарап менен толук келишимге жеткенге чейин америкалык аскерлер Ирандын айланасында каларын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Бардык америкалык аскердик курал-жарактар, учуучу аппараттар жана аскер кызматкерлери алсыраган душманды жок кылуу үчүн келишим толук аткарылганга чейин Ирандын айланасында болот",- деп жазган Трамп.
Белгилей кетсек, 8-апрелде АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу менен эки жумалык ок атышпоого келишим түзүшкөн. Кийинчерээк Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгы ачыларын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















