super.kg logo

“Хезболла” Израилдин түндүгүндөгү конуштарды аткылады

 

Ливандагы “Хезболла” кыймылы Израилдин түндүгүндө жайгашкан Метулла жана Кирьят-Шмона конуштарына ракеталык сокку урганын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын басма сөз кызматы маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Алардын айтымында, соккулар Ливанга жасалган чабуулдарга жооп катары жана ок атышууну токтотуу келишими бузулгандыгына байланыштуу ишке ашырылган. “Хезболла” Израил келишимди сактабай жатканын белгилеп, өз аракеттерин “Ливанды жана анын элин коргоо” деп түшүндүрдү.

Кыймыл мындан ары да Ливан аймагына жасалган бомбалоолор токтобой турган болсо, жооп кайтаруучу чабуулдар улантыларын эскертти.

Буга чейин да “Хезболла” Манара конушун аткылап, Ливан менен чек арадагы Израил армиясынын аскерлерине жана техникасына сокку урганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: