Нурзат Нуртаева коло медаль үчүн күч сынашат
Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын балбан кызы Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыга алган жок. Ал жарым финалда кытайлык спортчу Цзя Лунга 1:11 эсебинде жеңилип калды.
Балбан кыздар 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Кыргызстандык балбан мелдешти 1/4 финалдан баштап, анда түштүк кореялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген эле. Эми Нурзат коло медаль үчүн Монголиянын өкүлү Одгерел Эрдене Очир менен күрөшөт.
Беттеш эртең, 10-апрелде орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















