super.kg logo

44 күнгө жетти. Иранда дагы деле интернет өчүк бойдон калууда 

 

Иран аймагында 44 күндөн бери интернет дээрлик өчүк. Бул тууралуу эл аралык NetBlocks мониторинг кызматы маалымдады.

Уюмдун маалыматына ылайык, өлкөдөгү интернеттин өчүрүлүшү 44-күнгө жетип, жалпысынан 1032 сааттан ашкан. Буга чейин аталган кызмат бул абал дүйнөдөгү эң узакка созулган интернет блокадасы экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу 12-апрелде болгон. Америкалык делегациянын башчысы, вице-президент Джей Ди Вэнс Иран менен АКШ узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы макулдашууга жетише албаганын жарыялаган. Ал эми Ирандын ТИМ өкүлү Эсмаил Багайи бир катар маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин, бирок эки же үч негизги пункт боюнча алардын позициялары алыс бойдон калганын айткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: