super.kg logo

Улуу Британия АКШнын Ормуз кысыгын бөгөттөөсүнө каршы чыкты

 

Улуу Британия АКШнын Ормуз кысыгын блокадага алуу демилгесин колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн каржы министри Рэйчел Ривз айткандыгын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Лондон мындай кадамды туура эмес деп эсептейт жана АКШ жүргүзүп жаткан блокадага катышпайт.
Биз АКШнын блокадасына кошулбайбыз. Бул туура ыкма эмес деп ойлойбуз”,- деген ал Mirror басылмасына берген маегинде.

Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы - CENTCOM дүйшөмбү күнү кечинде Ормуз кысыгын блокадага алууну баштаганы маалымдалган. Бул чечим АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин берилген тапшырманын негизинде кабыл алынган.

Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуучу деңиз жолдорунун бири болуп эсептелет. Андыктан бул аймактагы чыңалуу эл аралык деңгээлде олуттуу тынчсызданууну жаратууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: