ЖМК: АКШ Иранга каршы согушта 51 миллиард доллардан ашык каражат коротту
АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы акыркы 45 күндө 51 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, 45 күндүн ичинде чыгымдар 51 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде жүргүзгөн. Чыгымдар күн сайын жаңыланып турары маалымдалган.
Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы алты күнү 11,3 миллиард долларга бааланганын жана күнүмдүк чыгымдар орто эсеп менен 1 миллиард долларды түзүп жатканын маалымдаган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















