super.kg logo

Трамп Израил менен Ливандын лидерлери жолугарын билдирди 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ливандын ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр 16-апрелде өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, бул жолку сүйлөшүүлөргө эки өлкөнүн лидерлери да катышары күтүлүп жатат.

"Эки өлкөнүн лидерлери акыркы жолу мындан 34 жыл мурун сүйлөшүү өткөргөн. Сүйлөшүү эртең болот",- деп жазган АКШнын лидери.

Азырынча бул маалымат боюнча Израил же Ливан тараптан расмий комментарий бериле элек. Буга чейин шейшемби күнү Вашингтон шаарында Израил менен Ливандын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: