Стендап-куудул Элдос Алмазовдо сөөк рагы аныкталды
28 жаштагы стендап-куудул Элдос Алмазовдо остеосаркома - сөөк ткандарынан өнүккөн залалдуу шишик аныкталды.
Учурда ага шашылыш түрдө химиотерапия, биопсия жана сол бутуна операция жасоо зарыл. Ал социалдык тармактар аркылуу күйөрмандарынан каржылык жардам сурап, каражат чогулта баштады.
Элдос Алмазов Кыргызстанда төрөлгөн. Ал 2021-жылдан тарта Орусиянын телеканалдарынан чыгып, кеңири таанылган. Көрүүчүлөр аны шайырлыгы жана өзүн-өзү тамашага салган стили үчүн жакшы көрүшөт.
Куудул бала кезинен бери гипофизардык нанизмден жабыркайт. Бул - өсүү гормонунун жетишсиздигинен улам пайда болгон эндокриндик оору. Ошондуктан ал чоң киши болгонуна карабастан, сырткы келбети баладай көрүнүп, бою 130 сантиметрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















