super.kg logo

Трамп ирандыктардын АКШ менен сүйлөшүүлөргө келерине ишенет

 

АКШ президенти Дональд Трамп Исламабадда күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө Иран катышарына ишеним артат. Бул тууралуу ал The John Fredericks Show басылмасына маек бергенде айткан.

"Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, эгер андай болбосо, мурда көрбөгөн көйгөйлөргө туш болушат. Алар адилет келишим түзүп, өлкөсүн калыбына келтирет деп ишенем",- деген Трамп.

Ал ирандыктар "өзөктүк куралга ээ болбойт" деп дагы бир жолу кайталаган.

Буга чейин Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Ага удаа Иран өз делегациясын Исламабаддагы сүйлөшүүлөргө жөнөтүү шартын атаган. ЖМКлар жазгандай, сүйлөшүүлөр 21-апрелде өтүшү мүмкүн.

Эске салсак, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүзгөн, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: