super.kg logo

Жылнаама: Коомдук ишмер Дөлөн Өмүрзаков туулган

 
Коомдук ишмер, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер (1993 жыл) Дөлөн Өмүрзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылында 1927-жылдын дал ушул күнү туулган.
Дөлөн Өмүрзаков Токмок шаарында балдар үйүндө тарбияланган. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган.
Эмгек жолун ушул институттун гимнастика боюнча кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1953-жылы өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматын аркалаган.
Дөлөн Өмүрзаков жетекчилик кылып турган маалда көптөгөн спорттук оюн-зоок жайлары, анын ичинде “Спартак” стадиону, Кожомкул атындагы спорт сарайы жана башка курулуштар курулган. Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков спорт темасындагы бир нече китептердин автору.
Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. “Ардак белгиси”, “Элдердин достугу” ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Дөлөн Өмүрзаковдун ысымы 2011-жылы Бишкектеги борбордук стадионго берилген.

22-апрелдин жылнаамасы.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: