Иран расмий түрдө Ормуз кысыгынан киреше таба баштады
Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден алгачкы жолу расмий түрдө төлөм ала баштады. Бул тууралуу Иран парламентинин төрагасынын орун басары Хамидреза Хаджи Бабаи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, кысыктан өткөнү үчүн алынган алгачкы төлөм Ирандын Борбордук банкындагы эсепке түшкөн. Бирок кайсы өлкөнүн кемеси жана канча сумма экени көрсөтүлгөн эмес. Бул Иран үчүн жаңы киреше булагы болуп эсептелет.
Буга чейин айрым чет элдик ЖМКлар Ормуз кысыгынан өткөн ар бир кеме үчүн Иран бийлиги болжол менен 2 миллион доллар талап кылып жатканын жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















