АКШда Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрү өтөт
Израил менен Ливандын Вашингтондогу элчилери Йечиел Лайтер жана Нада Хаммаденин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Ак үйдө өткөрүлөт. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.
Анда кабарлангандай, сүйлөшүүлөргө АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусу күтүлүүдө.
"Президент Трамп Израил менен Ливандын элчилерин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы үчүн Ак үйдө тосуп аларын АКШнын расмий өкүлү билдирди",- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, 14-апрелде Израил менен Ливандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өткөн. Анда Ливандын элчиси Хамаде ок атышууну токтотууга чакырган. Бул жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















