Израил менен Ливандын ок атышпоо режими үч жумага узартылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ливандын ортосундагы ок атышпоо режими үч жумага узартыларын айтты.
Бул тууралуу америкалык лидер Truth Social социалдык тармагына Израил менен Ливандын элчилеринин Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин жазды.
"Израил менен Ливандын ортосундагы ок атышпоо режими үч жумага узартылат. Жакынкы келечекте Ак үй имаратында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана Ливандын президенти Жозеф Аунду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатам",- деп жазган Трамп.
Чет элдик басылмалар буга чейин Израил менен Ливандын Вашингтондогу элчилери Ак үйдө жолугушарын жазып чыгышкан. Ага АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусу күтүлүп жатканы айтылган.
14-апрелде Израил менен Ливандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















